• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 80%ы ишенет – изилдөө

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 80%ы ишнет. Бул тууралуу М-Вектор компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.

Анын берген убадаларын аткаруусуна ишенбегендер болгону 6%ды түзөт.

Сурамжылоого катышкандардын пикиринде, түрдүү уюмдар жана мамлекеттик түзүмдөргө ишеним деңгээли тууралуу лидерлердин үчтүгүнө армия (72%), диний уюмдар (53%) жана өкмөт (53%) кирген.

Изилдөөгө катышкандардын көпчүлүгү саясий партияларга (70%), парламентке (69%), сотторго (61%), прокурорлорго (51%) жана полицияга (47%) азыраак ишенишет.

Эгер укук коргоо органдарына ишеним деңгээлин карай турган болсок, анда респонденттер салыштырмалуу УКМКга көбүрөөк ишене (49%) турганын билдиришкен.

Компания сурамжылоо компьютерди колдонуу (CATI - Computer Assisted Telephone Interviewing) менен телефондук интервью технологиясы боюнча жүргүзүлгөнүн билдирет.

Маалымат топтоо 2021-жылы 17-22-март аралыгында атайын жабдыктар менен жабдылган М-Вектор компаниясынын кеңсесинин аймагында жүргүзүлдү.

Сурамжылоонун жүрүшүндө 11014 чалуу аткарылып, анын ичинен 9804 жыйынтыксыз болгон, анткени алар өчүк, жеткиликсиз, бош эмес ж.б. болгон. Белгилей кетүүчү нерсе, 2824 потенциалдуу респонденттер башында баш тартышкан, алардын 631и куттуктоо сөзүн окуудан, 354 адам маектешүү учурунда анкетага жооп берүүдөн баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий