Бишкекте көп балалуу энелерди куттукташты

Коом 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бишкекте Энелер күнүнө арналган майрамдын алдында төрт райондун акимдери көп балалуу энелерди куттукташты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев райондогу көп балалуу энелерге барып, акчалай сертификаттарды, ошондой эле азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

11 баланы төрөгөн Гүлбара Алыбаева менен 7 баланын энеси 35 жаштагы Мээрим Жакшымбетовага азык-түлүк баштыктары жана сертификаттар тапшырылды.

Көп балалуу энелерди Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов дагы куттуктап, акчалай сертификаттарды тапшырды.

Халидахон Абдурахманова 7 баланын энеси. 2021-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган. Назгүл Кадыркулова 7 баланын энеси. 2022-жылы “Баатыр эне” ордени менен сыйланган.

Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан райондогу көп балалуу энелерге ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырып, ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Айгүл Асылбекова 8 баланын энеси. 2022-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган. Клара Абылова 7 баланын энеси. 2021-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган. Наске Молдомуратова 10 баланын энеси. 1979-жылы Баатыр-Эне ордени менен сыйланган.

Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков Рухий-Мурас жаңы конушунда жашаган көп балалуу энени куттуктады.

9 баланын энеси Кымбат Тюлебаевага сертификат тапшырып, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалады. Ал 2018-жылы “Баатыр-Эне” ордени менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий