• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте эми муниципалдык унаа токтотуу жайлардын операторлору кызыл түстөгү форма киет

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте эми муниципалдык унаа токтотуу жайларынын операторлору кызыл түстөгү форма киет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жашыл түстөгү атайын форманын жайылып кетишине байланыштуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын операторлору атайын форманын жана белгилердин түсүн кызылга алмаштырышты.

"Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жол белгилери менен аныкталат, ошондой деле кызыл түстөгү формада атайын төш белгилери болот, операторлор төлөө үчүн чектерди берүүгө милдеттүү. Унааны канча убакытка калтырганыңызга карабастан, расмий жана бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт", - деп белгилешти мэриядан.

Муниципалдык унаа токтотуу жайлары төмөнкү даректерде жайгашкан:

Киев көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейин;
Бейшеналиева көчөсү Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин;
Токтогул көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Ала –Арча көпүрөсүнө чейин;
Кулиев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
Безимянный көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин;
Ж.Пудовкин көчөсү Безимянный көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
Сүйөркулов көчөсү (Ж. Пудовкин) бир бөлүгү;
Юнусалиев көчөсү (Сүйөркулов) бир бөлүгү;
Кулатов көчөсү (Матросов);
Сүйүнбаев көчөсү Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин;
Исанов көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин;
Ибраимов көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
Сары-Өзөн базары;
Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу көчөсүнөн Славянский көчөсүнө чейин;
Токтогул көчөсү (Мото соода борбору);
Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;
Бобулов көчөсү Чүй көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейин;
Мадина базары (жаңы жол);
Бөкөнбаев көчөсү Абдырахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин;
Киев көчөсү Манас көчөсүнөн Керимбеков көчөсүнө чейин;
Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Ошондой эле муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери жаңыланып, толукталууда.

Пикир

Оставить комментарий