Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу 29 миңге жакын кыргызстандык кесипке ээ болду

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери колледж жана кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруп келет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда фонддун 98 билим берүү мекемеси, анын ичинде 72 кесиптик лицейлер, 9 колледждер, 14 жеке окуу борборлору жана 3 жогорку окуу жайлары менен макулдашуулары бар. Алардын негизинде 127 кесипти окууга болот.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өлкө боюнча дээрлик 29 миң кыргызстандыкты, анын ичинде 815 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды окутууну уюштурган. Ошентип, курстарга катышуу 97%, жумушка орношуу 69% түздү.

Ошондой эле учурда фонд аркылуу фонд аркылуу IT-технологиялар, айыл чарба, курулуш, энергетика, транспорт, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, туризм, тейлөө жана башка тармактарда иш берүүчүлөрдүн буйругу боюнча жаңы суроо-талапка ээ болгон кесиптерди ишке киргизүү колдонулууда.

"Жаңы кесипти үйрөнүү үчүн кесип жана ыңгайлуу окуу жайын тандап, арыз калтырып, ыңгайлуу окуу графигин макулдашуу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий