• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө убактылуу суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бүгүн,14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9:00дөн 23:00гө чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, «Жал-15» кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий