Бишкек мэри SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Токиодо өткөн SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көргөзмөнүн алкагында Айбек Жунушалиев шаар жетекчилерине арналган программада сөз сүйлөп, анда Бишкек мэриясынын борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу жана абага чыгарууну нөлгө түшүрүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Бишкек мэри шаарды өнүктүрүүгө жана заманбап чакырыктарга ыңгайлашууга жардам берген туруктуу чечимдерди жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча Бишкектин тажрыйбасы менен бөлүшүп, глобалдык маселелерди чечүүдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Айбек Жунушалиев бул иш-чарага катышуу Бишкек үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, шаардын инфраструктурасына акыркы технологияларды киргизүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев дагы катышты.

Белгилей кетсек, SusHiTech Tokyo 2024 5 континенттен 48 шаар лидерлерин бириктирген масштабдуу диалог аянтчасы болуп саналат, анда пикир алмашуу жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы технологияларды жана стратегияларды талкуулоо өткөрүлөт.

Иш-чара бир нече программаларды, анын ичинде шаардык лидерлер, глобалдык стартап-программа жана демонстрациялык программаны камтыйт.

Бишкек шаары Борбор Азиядагы SusHi Tech Tokyo 2024 ардактуу конок катары көрсөтүлгөн жалгыз шаар болгон.

Бишкектин SusHi Tech Tokyo 2024 көргөзмөсүнө катышуусунун негизги максаты - шаарды мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, билим алмашуу жана мыкты тажрыйбаларды алуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий