Клиникалык оорукананын жалпы профилдик бөлүмү оңдоодон өттү – Туманбаев

Коом 0


Бишкек, 20.05.24./Кабар/. Президенттин иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын жалпы профилдик бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Аталган бөлүмдө 2007-жылдан бери ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул жерде элибиз акы төлөп дарылана турган бөлүм болгон соң, ошого жараша шарт болуусу тийиш.

Клиникалык ооруканада капиталдык-оңдоо иштери дагы да уланат, мындан тышкары оорукананын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу иштери жүрөт", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий