• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Көлдө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн РФ жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында радикалдык идеологияны карманганы үчүн бир жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Россия Федерациясынын М.М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды.

Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандагы колунда бар жарандарга бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргызстандын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына РФ жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн. Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий