• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

ЖК комитетинде "Жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргызстандагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын бириктирилген долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова, Исатбек кызы Аида, Элвира Сурабалдиева, Данияр Толонов, Карим Ханджеза, Нурлан Ражабалиев, Султанбай Айжигитов, Эмил Токтошев, Гүлкан Молдобекова, Надира Нарматова, Винера Раимбачаева, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов, Эльмурза Сатыбалдиев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору КР Конституциясында бекитилген калкты социалдык камсыздоо жаатындагы ченемдерге ылайык келтирүү, Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган 3 жашка чейинки балдары бар жарандарды (үй-бүлөлөрдү) колдоо жана келечек муундардын жашоосуна мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий