• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, бүгүн саат 12:44тө эки өлкөнүн чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий