• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алдамчылык менен алектенген УКТнын мүчөсү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Алдамчылык менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрда Ленин районунун ички иштер башкармалыгына 22 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектин тургуну “Кылычка” карата чара көрүүсүн суранып арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал адам 2018-жылдын январь айында жабырлануучунун ишенимине кирип, Военно-Антоновка айылында жайгашкан аянты 4 сотых жер тилкесин сатуу шылтоосу менен баасы 6 миң доллар турган “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаага ээлик кылган. Андан соң белгисиз жакка качып кеткен. Аталган факт боюнча “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө учурунда 46 жаштагы Кылычбек Толоков аттуу буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде УКТнын мүчөсү катары катталган адам кармалган.

Андан тышкары ушундай эле арыз менен кармалган кишинин алдамчылык аракеттеринен жабыркаган 4 жаран арыз менен кайрылган.

Кармалган адамдын кылмыштык аракеттеринен келтирилген зыяндын жалпы суммасы 19,500 миң долларды түзгөн. Учурда кармалган адам Бишкектеги №1 СИЗОдо, тергөө уланууда.

Аталган адамдын аракеттеринен жабыркаган адамдардын баары КРнын ИИМне төмөнкү телефондор аркылуу байланышка чыкса болот: 0(505) 807575, (0312) 26-62-61.

Пикир

Оставить комментарий