• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кырсык бүгүн, 7-майда болжол менен саат 9:45 чамасында Дэн Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде орун алып, № 40 автобустун айдоочусу троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.

Белгиленгендей, автобус айдоочусу өзүн жаман сезип, буга байланыштуу рулга ээ боло албай калып жолдон чыгып, жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 3 жүргүнчү жабыркаган. Алар дарыгерлердин кароосунан өтүп, амбулатордук түрдө дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий