• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алды. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 7-майда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

"Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган.

Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.

Кыргызстандын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз. Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болору күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкеснидеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий