• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган социалдык инфраструктура объекттерин андан ары колдонуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт “үлүштөрүнүн өлчөмдөрүнө карабастан,” деген сөздөрдөн кийин “мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган жана авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган объекттерди кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын.

Пикир

Оставить комментарий