• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери жашайт

Коом 0

Бишкек, 07.05.24./Кабар/. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 3 майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы 7 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.

Аймактар боюнча ардагерлердин саны төмөнкүдөй: Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 5.

Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт. Майыптыгы бар 86 ооруктун эмгекчилери айына 2000 сом, калгандары 1000 сом компенсация алышат.

Жогоруда аталган категорияларга республикалык бюджеттин каражаттарынан Министрлик төлөп берүүчү бир жолку төлөмдөр да каралган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон, ооруктун эмгекчилерине жана согуш учурунда курман болгондордун жесирлерине 15 миң сомдон берилет.

Пикир

Оставить комментарий