• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Прагада Кыргызстандын ардактуу консулдугу расмий ачылды

Саясат 0

Бишкк, 07.05.24. /Кабар/ 3-майда Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган мекендештер катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Толенды Макеев, ардактуу консул Саадаткан Даминова, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан департаментинин директорунун орун басары Патрик Румлар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Алар иш-чаранын катышуучуларына эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан баштап кыргыз-чех кызматташтыгынын негизги жетишкендиктери, эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү боюнча тараптардын макулдашуулары жана биргелешкен иш-чаралары, ошондой эле аталган жагдайда Чехиядагы Ардактуу консулдуктун ролу тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугу коноктор үчүн фольклордук чыгармалардан түзүлгөн музыкалык номерлерди, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү даярдап, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтерди көрсөттү, ошондой эле расмий иш-чаранын катышуучуларына кыргыздын улуттук ашканасынын түрдүү тамак-аштарын тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий