• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында батирлердин биринен 74 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Ош шаарында батирлердин биринен 74 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Краснофлотский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачышканда 1950-жылы туулган Б.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Кийин маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий