• 87.9
  • 95.55
  • 0.99

Жалал-Абадда "Курманбек" стадиону толук реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону толук реконструкциядан кийин колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Жаңыланган футболдук инфратүзүмдүк объектинин ачылыш аземине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" футбол клубунун үй аренасы болуп эсептелинген бул стадиондо гибриддик оюн талаасы, 5 миң көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактары орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп-түзөлдү.

Аталган иштер Кыргыз футбол биримдиги жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тарабынан аткарылды.

Стадиондун шарттары Азия футбол конфедерациясынын жана Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берип, эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

"Курманбек" стадионунун дагы бир өзгөчөлүгү - Кыргызстанда биринчи жолу VAR-системасы орнотула турган арена болуп эсептелинет.

Ал эми орнотулган 1600 люкстук күчкө ээ болгон жарыктандыруу системасы мындан ары оюндарды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эске салсак, өлкө боюнча башка стадиондордо оңдоп түзөө иштери улантылууда жана жыл аягына чейин бир катары жаңыланып, колдонууга берилет.

Стадиондун ачылыш аземинен кийин дароо Кыргыз Республикасынын 1XBET Премьер Лигасынын "Мурас Юнайтед" - "Илбирс" беттеши старт алды.

Пикир

Оставить комментарий