• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мураталиев Таласта азыркы күнгө чейин коронавирус эмнеге катталбагандыгын айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Талас облусунда коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алуу боюнча иштер абдан тыкыр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн брифингде өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдети чыккандан тарта Талас облусунда ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлө баштаган. “Облустун айыл аймактарынын, райондорунун арасында карантиндик-санитардык посттор уюштурулуп, ыкчам чаралар көрөлдү. Тез убакыттын ичинде Талас облусу изоляция кылынды”, - деп кошумчалады ал.

Мураталиев баса белгилегендей, эң негизгиси киргизилип жаткан карантиндик чаралар калк арасында туура кабыл алынып, бардык шарттар аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий