Молдогазиев Япония ТИМнин БА өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегами менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Астана шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун жогорку кызмат адамдарынын 16-жыйынынын алкагында өттү.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алышты, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сааттарын тууралашып, биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Тараптар «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында жогорку деңгээлдеги иш-чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров жана Япониянын Премьер-министр Ф.Кишида менен жолугушуу өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө күн тартибиндеги актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий