Салык кызматкерлери "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга рейд жүргүзүштү

Аймак 0


Бишкек,16.05.24./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө салык кызматкерлери лектрондук транспорттук коштомо кагазы жок жүк ташуучу унааларды посттон өткөрбөй, артка кайтарышкан.

"Ошол себептүү жол тыгындары пайда болгон. Азыркы учурда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жолдор жабылууга жол берилген жок. Абал туруктуу жол ачык", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий