• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто атырга ууланган окуучулардын абалы тууралуу айтылды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кумар Момбекова атындагы №101 орто мектебинин 6-классынын окуучуларынын атырдын жытына уулануусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучулар дарыгердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий