• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Авазбек Атаханов Малайзиянын элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Малайзиянын элчиси Ильхам Туа Бин Иллиастын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министрдин орун басары Атаханов Малайзиянын элчисин Кыргызстандагы элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Малайзиянын жаңы Элчисинин дайындалышы менен кыргыз тарабы кыргыз-малайзия мамилелерин өнүгүшүн жана андан ары активдешүүсүн байланыштырарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын уюштуруунун даярдыктарын, саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий