• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттеринин спикерлери жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 31 жыл толгону менен эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышы узак убакытты камтый тургандыгын белгиледи.

"Андыктан, калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Айрыкча стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү эки мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн да маанилүү. Бул маселеге өлкө башчыларыбыз да өзгөчө көңүл буруп, байланыштарды бекемдөөгө зор салымын кошууда", – деди Шакиев.

Муну менен катар алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин айткан төрага: "Акыркы жылдары кыргыз-өзбек парламенттер аралык байланыштарыбыз алдыга жылып, эл аралык аянтчаларда да жигердүү өнүгүүдө. Бардык деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай өтүп, кызматташтыкты кеңейте турган сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келет", – деди.

Андан тышкары, Шакиев эки тараптуу мамилелерде соода-экономикалык тармак да өзгөчө орунду ээлей тургандыгын белгиледи.

“Жакынкы аралыкта эле түптөлгөн Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүүнүн таасирдүү механизмине айланды. Биз эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүшүбүз керек”, – деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева бүгүн Бишкекте уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-айымдарынын диалогу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, аталган иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз аялдарынын активдүүлүгү көпчүлүккө үлгү. Бүгүн дагы кыргыздын кыз-келиндери өз өлкөсүнүн эле өнүгүшүнө салым кошпостон, жалпы регионго өрнөк боло турган иштерди алып барууда”, – деген Танзила Нарбаева кыргыздын ишкер айымдарын мисал кылды.

Мындан сырткары, парламенттер аралык байланышты бекемдөө багытындагы сунуштары менен бөлүшкөн Сенат төрайымы парламенттер аралык комиссиянын ишин илгерилетүү, чектеш аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы алакаларды арттыруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы демилгелери менен бөлүштү.

Өлкө жетекчилери тарабынан жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттердин да салымы чоң экенин билдирген Танзила Нарбаева президент Шавкат Мирзиёевдин төрага Нурланбек Шакиевге жолдогон саламын жеткирди.

Баардашууда маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да айтылып, бул жааттагы иш-чаралар эки элдин достугун бекемдөөгө көмөкчү болору белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий