• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук акимчилигинде укук бузууларды алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өттү.

Күн тартибинде баңгиликти алдын алуу, дарыканалык көз карандылык, жаштардын наркокылмыштуулукка аралашуусун алдын алуу маселелери, ошондой эле окуу жылынын аякташына байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча пландалып жаткан иш-чаралар каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында баңги каражаттарды жана башка тыюу салынган заттарды жайылтпоо жана колдонууга жол бербөө боюнча бир катар профилактикалык иш-чараларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, мектептерде акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүгө байланыштуу мектептерде, колледждерде, парктарда, скверлерде жана башка коомдук жайларда коомдук тартипти жана коопсуздукту контролдоону күчөтүү, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар учурунда жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшырууга арналган иш-чараларда күнү-түнү жол коопсуздугун камсыздоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий