• 87.86
  • 93.94
  • 1

Элчи Мадмаров Түркмөнстан Межилисинин төрайымы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстан Межилисинин төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн парламенттери арасында алмашуу форматын жана комитеттер менен достук топторунун ортосундагы диалогду колдонуу менен парламенттер аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү үчүн өз ара сапарларды уюштурууга да өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Корея парламенттеринин төрагаларынын экинчи жолугушуусун уюштуруу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия парламенттер аралык форумун активдештирүү боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Япония парламент башчыларынын биринчи жолугушуусун Ашхабад шаарында өткөрүү боюнча түркмөн тарабынын демилгесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий