• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аскат Жетиген уулунун айткандары чындыкка дал келбейт – Жазаларды аткаруу кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Аскат Жетиген уулуна карата эч кандай кыйноолор болгон эмес, анын айткандары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу Аскат Жетиген уулу Тергөө абагында (СИЗО-1) кармалып турган учуруда ага карата эч кандай кыйноолор болбогондугу тууралуу билдирди. Ал сот учурунда айткан сөздөрүн төгүндөп, түшүнүк кат жазып берди”, - деп белгилешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-майда Аскат Жетиген уулунун иши Свердлов райондук сотунда каралып, анда ал кармалгандан кийин кыйноого кабылганын билдирген.

Жарандык активист, акын жана ырчы Аскат Жетиген уулу үстүбүздөгү жылдын март айында “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери боюнча шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий