• 87.86
  • 93.94
  • 1

Каныбек Туманбаев ипотекалык батирлер бүткөндөн кийин кандай болорун көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык турак үйлөрдөгү батирлер бүткөндөн кийин кандай болоруна кызыккандар үчүн иш процессин көрсөттү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Анын маалыматына караганда, учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык жерлерде иш кызуу жүрүүдө. Иштердин жүрүшүн мамлекет башчысы онлайн көзөмөлдөп турат.

"Үйлөр сапаттуу курулууда, үстүнкү кабатка көтөрүлгөн сайын, астынкы кабаттын ички жасалгалоо иштери бүткөрүлүп, убакыт эффективдүү пайдаланылууда.

Аллах Тааланын колдоосу менен аталган батирлер чыныгы муктаждарга берилип, өлкөдөгү турак жай маселеси акырындан чечиле баштайт”, - деген ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жалпы өлкө боюнча ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Жеткиликтүү турак жай программасы менен каалаган адам өзүнө 15 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө батир сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий