• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өлкө аймагында 23-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 23-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын облусунда -1...-6 градуска төмөндөйт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +8...+10 жана Ош шаарында +13...+15 градусту көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий