• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жогорку жана кесиптик окуу жайларда “Бирдиктүү терезе” ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. 1-декабрдан тарта өлкөдөгү жогорку жана кесиптик орто окуу жайларда маалым каттарды берүү “бирдиктүү терезе” режиминде автоматташтырылат. Негизги артыкчылыгы – студенттер эми он чакты бөлүмгө чуркабай, бюрократиялык тоскоолдуктардан кутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бирдиктүү терезеден төмөнкү маалым каттарды алууга болот:

• бүтүрүүчүлөргө диплом берүүдө айланма баракча;
• окуп жаткандыгы/окугандыгы жөнүндө маалымкат;
• академиялык маалымкат берүү, архивдик маалымкат.

Мурда ушул кагаздарды алуу үчүн студенттер бухгалтерия, студенттик/кадрлар бөлүмдөрү, деканат, китепкана, архив, жатакана, паспорттук бөлүм жана башка бөлүмдөрдү кыдырчу. Студенттин карызы болуп же ага доомат эле коюлбаса, маалымкат дароо колуна тиет. Көйгөй жаралган учурда кайрылуучу чыккан маселени чечүү үчүн тийиштүү бөлүмгө гана барат. Кийинки кадамдар автоматташтырылган режимде улана берет.

«Автоматташтырылган системанын пайдасы – убакыт жана ресурстар үнөмдөлөт, бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, коррупция сыяктуу мыйзамсыз иштердин алдын алат. Билим берүү министрлиги окуу жайларга ушул кызматтарды көрсөтүүчү түзүмдүк бөлүмдү аныктоо, анын толук дареги (иштөө убактысы, телефон номери, электрондук дареги, жайгашкан жери) тууралуу маалыматтарды жайылтуу тапшырмасын берди», - деп айтылат маалыматта.

Жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардагы “бирдиктүү терезе” автоматташтырылган системасы «Санариптүү Кыргызстан 2019-2023» концепциясын жана Президенттин быйылкы санариптештирүү жылы боюнча жарлыгын ишке ашыруу алкагында киргизилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий