• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн капчыгайында изделип жаткан туристтер аман-эсен табылды

Коом 0


Бишкек, 09.05.24. /Кабар/. Аламүдүн капчыгайында бүгүн 2-күн изделип жаткан россиялык 3 турист аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтер Новосибирсктеги тааныштарына байланышка чыгышканда ӨКМ Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери Google картасы аркылуу алардын болжолдуу маршрутун аныкташкан. Бүгүн таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан.

"Ошентип, акыркы алынган маалыматка ылайык, чет элдик туристтер куткаруучуларга жолугуп, ылдый карай жол баштады. Алар куткаруучуларга жардамга муктаж эмес экенин билдиришкен. Учурда абалдары жакшы", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүн издөөгө жалпы 18 куткаруучу 2 дрон менен чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий