Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Сулайман-Тоого кирүүчү жолдору бактылуу жабылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн.

Бүгүнтөн тартып тоодогу туристтик жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады. Буга байланыштуу туристтик жолдор менен Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн жабык.

“ӨКМ тарабынан мониторинг иштери жыйынтыкталып, коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө режими калыбына келтирилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий