Бишкектеги бычак жеген балдардын окуясы боюнча экспертиза дайындалды - Ленин РИИБи

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бишкектеги бычак жеген балдардын окуясы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-майда саат 21:54төр чамасында 102 кызматына Ч.Айтматов проспектисиндеги дүкөндөрдүн биринин жанынан бычактан жаракат алган балдардан билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине барганда бычак жеген балдарды ооруканага тез жардам алып кеткен.

Анда Е.А. аттуу 18 жаштагы жигит ооруканага жаткырылса, 2007-жылы туулган Т.Э., 2006-жылы туулган К. А. жана П.А. аттуу жарандар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөндүгү кабарланган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жаштагы эки жарандын өздүгү такталган. Алар да 22:00дөр чамасында мушташта денелерине залал келтирген белгисиз балдарга карата чара көрүп берүүнү айтып, арыз жазышкан.

Бул фактылар маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

“Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары каралып жатат, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин эки тараптын аракеттерине баа берилет”, - деп кошумчалашты Ленин РИИБинен.

Пикир

Оставить комментарий