Өзгөндө уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экс-чиновник кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын экс-директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан 2024-жылдын 17-майында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тактап айтканда, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Өзгөн райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин экс-директору А.Р.Т. кармалды. Аталган жаран Өзгөн районундагы мамлекеттик органдын жетекчиси болуп турган учурда, кылмыш дүйнөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн тергөө абагына посылкаларды өткөрүп турган.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын ноябрында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин трибунасынан Кадастр мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын жогорудагы экс-директору А.Р.Т.нын "Казак" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен байланышы бар экендигин маалымдаган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий