Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. “Чач” каймана аты бар Э.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан билдиришкендей, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларуста киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.
“Кармалган адам Кыргызстанда бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келет. Тактап айтканда Жалал-Абад облусундагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талаштардын фактыларына тиешеси бар. Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызмунайгаз” ААКсынын мурдагы жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келген жана ал боюнча жергиликтүү тургундардан өтө көп арыздануулар болгон”, - деп билдирет УКМК.
Аталган фактылар боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Пикир
Оставить комментарий