• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашуун. Ошто алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Ошто жабырлануучуларды 20 млн сомго чыгым кылган алдамчы аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Ош шаарында 1989-жылы Кара-Суу районунун тургуну Ж.Т. аттуу аял кармалган. Ал бир нече жаранды алдап, акчасын алган соӊ из жашырып, Өзбекстандын аймагында жашырынып жүргөн.

Шектүү аялдын үстүнөн арыздангандардын саны 9 адамга жетти, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашыкча сумманы түзөт. Ал акча каражаты бар жарандарды жеке басмаканасына инвестиция жасай турган болсо ири кирешеге ээ болорун айтып, 400 миӊ сомдон 6 млн 500 миң сомго чейин алып, Өзбекстанга качып кеткен. Шектүү бир эле адамды бир нече жолу алдап, ири суммадагы акчаларын алган учурлар дагы бар.

Учурда кармалган жаран Ош шаардык соту тарабынан 16-октябрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы шектүү аялдан жабыркагандар болсо 0777-07-31-17 же 102 номерлери аркылуу кайрылып коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий