• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Башкы прокуратура: Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген мамкызматкерлерге карата иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Ишкерлерди мыйзамсыз текшерген мамлекеттик кызматкерлерге карата укук бузуу жөнүндө иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура тарабынан П.С. курулуш компаниясынын кайрылуусунун негизинде министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу каралды.

Натыйжада ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелинген агенттиктин кызматкерлери мыйзам талаптарын одоно бузуу менен жогоруда аталган курулуш компаниясынын курулуш иштери жүрүп жаткан объектисинде мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөндүгү аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан мыйзам бузууларга жол беришкен кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси (“Кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттерине мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүсү жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу”) менен укук бузуулар жөнүндө иши козголуп, соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий