Эдил Байсалов Улуттук көркөм сүрөт академиясынын музейине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Эл сүрөтчүсү жана Баатыры, көрүнүктүү скульптор Тургунбай Садыковго барып, анын ысымын алып жүргөн Улуттук көркөм сүрөт академиясынын музейинде болду.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, музейге коюлган скульптуралык композицияларды, чебердин эмгектерин карап чыгышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, быйыл өкмөт өлкөнүн алдыңкы музейлеринин музейлик коллекцияларын ата мекендик сүрөтчүлөрдүн жана скульпторлордун эмгектери менен толуктоо боюнча программаны ишке ашыра баштайт.

Ал ошондой эле Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

"Биз улуу устат, Кыргыз Республикасынын Баатыры, чыгаан скульптор Тургунбай Садыковду абдан сыйлайбыз жана сыймыктанабыз, ал өнөр адамдарын, сүрөтчүлөрдү, скульпторлорду тарбиялап өстүрүп, искусствонун өнүгүшүнө зор салым кошкон", - деди Эдил Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий