Бишкекте милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 16-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Октябрь РИИБнин улук ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты С.у.Б. жана ыкчам кызматкер, милициянын улук лейтенанты М.М.Б. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери жасалма факты боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Өзбекстан Республикасынын жаранынан акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган кызматкерлер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий