• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда аялдардын айлыгы жана пенсиясы эркектердикине караганда аз - статистика

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын айлыгы жана пенсиясы эркектердикине караганда аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2021-жылы аялдар эркектерге караганда орточо 5 миң 475 сомго аз тапкан. Аялдардын орточо айлык акысы айына 16 миң 524 сом, ал эми эркектердики 21 миң 999 сом.

“Эгерде эркектердин айлыгын 100% деп ала турган болсок, пайыздык эсеп менен алганда, аялдар сумманын 75,1%ын гана алышкан. 2017-жылы бул көрсөткүч 72,5% түздү, башкача айтканда, абал анча деле өзгөргөн жок. Бирок аймактык деңгээлде олуттуу айырмачылыктар бар. Нарын облусунда аялдар эркектердикине салыштырмалуу дээрлик бирдей (92,7%) айлык алышат. Талас облусунда аялдар эркектерге салыштырмалуу эң аз айлык алышат (52,4%)”, - деп айтылат маалыматта.

Эркектердин пенсиясы аялдардыкынан (айына 5410 сом) бир аз жогору (айына 6162 сом). Орточо пенсиянын эң чоң ажырымы Бишкек шаарында катталган, мында аялдардын пенсиясы эркектердикинин 88%га жакынын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий