• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку соттун төрагасы Судьялар кеңешинин жаңы курамы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Судьялар кеңешинин жаңы курамы менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Замирбек Базарбеков аталган кеңештин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууда аталган органдын ролу чоң экендигин баса белгилеп, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, аталган кеңеш мамлекеттик максаттуу программа – 2ни ишке ашырып, мамлекеттик максаттуу программа – 3тү иштеп чыгууда жигердүү иш алып барышы керек экендиги айтылды.

Белгилүү болгондой, Судьялар кеңешинин жаңы курамы 2022-жылдын 4-мартында КР судьяларынын XII курултайында шайланышкан.

Судьялар кеңешинин негизги курамына төмөндөгү судьялар киришти:

Касымалиев Мукамбет Шадыканович – КР Конституциялык сотунун судьясы;

Джунушпаев Кыдык Карыбаевич – КР Жогорку сотунун судьясы;

Жоомартов Кумушбек Рысбекович – КР Жогорку сотунун судьясы;

Акматов Болотбек Джусупбекович – КР Жогорку сотунун судьясы;

Каримова Рахат Абдылдаевна –Бишкек шаардык сотунун судьясы;

Абдуллаев Болотбек Абдырахманович – Бишкек шаардык сотунун судьясы;

Абдыразаков Нурлан Тажибаевич – Ош шаардык сотунун судьясы;

Асаналиева Алтынай Аскарбековна – Араван райондук сотунун судьясы;

Токтосун уулу Каныбек – Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Алимкулов Нургазы Халилович – Баткен облустук сотунун судьясы;

Эркебаев Адилет Маматеминович – Чүй облустук сотунун судьясы;

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич – Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы;

Алиева Гулкайыр Сакешовна – Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Бакиров Кайридин – Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары;

Султаналиева Айнура Кенжебековна – Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий