Октябрь районунун акими Ататүрк паркында чогулгандарга түшүндүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 20.05.24./ Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Ататүрк сейил багына жанаша жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Малдыбаев көчөсүнө парктагы объекттердин буздурулушун күткөн 200дөй киши чогулду. Алардын баары буздурула турган үйлөрдүн ээлери болуп саналат.

Аким чогулгандарга билдиргендей, 2024-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарынын мэринин Ататүрк сейил багынын чегин аныктоо боюнча токтомун аткаруу максатында 136 эскертме берилген. Анын 60ы жашоочулардын колуна берилсе, калгандары эскертмелерди алуудан баш тарткан.

Билдирүүдө шаар тургундарына бир айлык мөөнөттө, 20-майга чейин муниципалдык аймактарда жайгашкан бардык объектилерди талапка ылайык келтирүү керек экендиги айтылган. Башкача айтканда, муниципалдык объекттерде курулган же орнотулган имараттарды, тосмолорду жана башка курулуштарды өз алдынча бузуу сунуш кылынган.

Талапка ылайык, 20-майдан тарта шаар бийлиги муниципалдык жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери жок тургузулган объектилерди (жеңил курулуш конструкцияларды жана башка түрлөрүн) иретке келтире баштайт.

Экинчи этаптын алкагында 90 доомат даярдалып, анын ичинен 19 доо арыз сот органдарына жөнөтүлгөн. Соттор тарабынан бул доо арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча шаар бийлиги тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

"Прокуратура органдары бул иш боюнча укуктук баа берет, ал эми сот компенсация төлөп берүү маселесин чечет", - деген аким жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Чогулган жарандар курулган жер тилкеси Ататүрк сейил багынын карамагына кирет деген божомолдоолор болгон Башкы прокуратуранын имаратынын (өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин китепканасы) тагдырына кызыгышты. Аким өз кезегинде, бул маселе мыйзам чегинде чечилерин белгиледи.

Мындан сырткары, чогулган тургундар мэриянын пландарына нааразы болуп, алардын конституциялык укуктары бузулуп жаткандыгын, ошондой эле ак ниеттүү сатып алуучулар жана колдорунда «кызыл китептери» бар экенин белгилешти. Түштөн кийин чогулгандардын баары тарап кетишти.

Пикир

Оставить комментарий