• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте реабилитациялык борбор, атайын мектеп, бала бакча тарбиялануучулары үчүн мэрдин балатысы өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучулары үчүн балаты өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев катышып, балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдарга бий номерлери менен жаңы жылдык жомок көрсөтүлдү. Концерттен кийин кичинекей бишкектиктерге жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, мэрдин балатасына аз камсыз болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин, 12 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептердин тарбиялануучулары, жетим жана жарым жетим балдар, 28 бейөкмөт уюмдардан 1 миң бала чакырылган.

Жалпысынан Бишкек шаары боюнча шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан 12 миң балага жаңы жылдык белектер берилди, анын ичинде 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетимдер, мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн балдары жана ошондой эле 28 балдар коомдук уюмдарынын жана шаардын 15 билим берүү уюмдарынын окуучулары.

Пикир

Оставить комментарий