• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эскирген троллейбус линиялары алмаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде шаардагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, линияларды алмаштыруу 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.

Мындан тышкары, троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөкчордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий