• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек шаарында Энелер күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарында Энелер күнү белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын 4 районунун акимдери Баатыр энелерди майрамы менен куттуктап, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүп, азык-түлүк куржундарын тапшырды.

Белгилей кетсек, "Баатыр-Эне" ордени менен сыйланган көп балалуу энелерге жана "Эне-Даңкы" медалы менен сыйланган энелерге 1 миң сомдон, жалпы суммасы 217 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий