• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Криминалдык топтор акча талап кылса УКМК же ИИМге кайрылыңыз — байланыш номерлери

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерлерди криминалдык топтор тарабынан коркунуч жаралган учурда кайрылууга чакырды.

Ведомстводон белгилешкендей, кимде ким криминалдык топтор менен коюн колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен болушуп же ай сайын бизнесинен «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет.

“Эгер кокус криминалдык топтор бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «дань» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп-тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт”, - деп айтылат маалыматта.

Телефондор:

УКМК 0312 – 66 – 04 – 75; 62 – 65 – 04.

УКМКнын аймактык башкармачылыктары:

  • Чүй облусу — (0312) 54-07-19;
  • Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: — (03222) 2-30-78
  • Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу — (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу — (03622) 5-00-33.

Пикир

Оставить комментарий