• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдү тазалоо уланууда — 24 миң метрден ашык тор жана 3 тоннага чукул таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Учурда суучулдар Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин "Мөлтүр" кемеси менен таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоодо.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынан Корумду айылына чейин көлдөн 24 миң 600 метр балык уулоочу тор жана 3 тоннага жакын таштанды чыгарылды.


"Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан, браконьерлик дагы да болсо уланып жатканынан кабар берет", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

Пикир

Оставить комментарий