• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Жакында Кыргызстан төрт өлкө менен бажы тармагында ыкчам маалымат алмаша баштайт

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жакында Кыргызстан төрт өлкө менен бажы тармагында ыкчам маалымат алмаша баштайт.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бажы процесстерин жөнөкөйлөштүрүү жана соода жүгүртүүнү ыңгайлаштыруу максатында Кыргызстан Өзбекстан менен ыкчам маалымат алмашуу боюнча макулдашканын билдирди.

“Жакында түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда дагы ыкчам маалымат алмашуу боюнча макулдашууга кол коюлганы турат. Кол коюу аземи Самаркандда болуп, ага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан катышат”, - дейт ал.

Исабеков 2015-жылдан бери Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык байланыш мамлекеттик эмес, бажылык деңгээлде жүрүп келгенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий