• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкөнүн унаа жолдорунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жолдордун айрым тилкелеринде кар көчкүнү атып түшүрүү зарылчылыгы пайда болгон.

“Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырым), Красная-Горка-Ак-Таш (1-9-чакырым) жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89 жана 100-115-чакырымында) унаа жолдорунда 22-декабрынан 26-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Учурда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби жана КР ӨКМнын ыкчам тобу Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгон чакырымдарында кар көчкүсүн атып түшүрүү иштерин жүргүзүшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Кечээ Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-75-чакырымындагы тилкеде карды атып түшүрүү иштери болгон.

Белгилей кетсек, 23-декабрь күнү Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 3-9-чакырымдарында (Капчыгай тилкеси) жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 86-87-чакырымында кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий