• 87.86
  • 93.94
  • 1

Дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын кыргызча-орусча сөздүгү даярдалды

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти кыргызча-орусча медициналык терминдер сөздүгүн: «Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча сөздүгүн» даярдады.

Департаменттен билдиришкендей, күн мурун сөздүктү талкуулаган биринчи иш-чара өтүп, анын ишине президентке карашту Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун» директору Нуржан Маражапова баш болгон комиссия мүчөлөрү жана департаменттин жетекчилери менен бирге кызматкерлер катышты.

Иш-чара тил саясатын өнүктүрүүгө багытталып, адистештирилген сөздүк мамлекеттик тилдин беделин өстүрүүгө түрткү болуп, кыргыз тилинин тармактуу-медициналык, заманбап тил катары мамлекеттик деӊгээлде өнүгүшүнө салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий